03.09.2018 11:00

Ошто уюлдук телефонго алаксыган  айдоочу 6 адамдын ден соолугуна залака келтирди

Ошто уюлдук телефонго алаксыган  айдоочу 6 адамдын ден соолугуна залака келтирди

Ош шаарында 2-сентябрда жүргүнчү ташыган микроавтобус көпүрөдөн кулап кетип, 6 адам жабыркады. Бул туурасында Ош шаардык ИИБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабыркагандар Ош облустук ооруканасына жеткирилген, бирөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө. 

Кырсыктын келип чыгышына жүргүнчү ташыган микроавтобус айдоочусунун башка нерсеге алаксып  кетиши себеп болгон. 

«Айдоочунун айтымында, телефону унаанын полуна түшүп кетип, аны алууга аракет жасап ылдый эңкейгенде, унаа башкаруудан чыгып, кырсыкка кабылган. Ошондой эле айдоочу ичимдик ичпегени экспертизада аныкталган. Учурда башка дагы тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө», - деп жазат super.kg порталы Ош шаардык ИИБнын маалымат кызматына таянып.